Политклиника: «УТРКнын жаңы логосу Ооганстандын биринчи каналынан көчүрүлгөн»

Политклиника басылмасы УТРКнын жаңы логосу тууралуу иликтөөсүн чыгарды. Басылма логотибин антиплагиатка текшерип көрүп, плагиат экенин аныктаган.

14-январь күнү Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын социалдык тармактардагы логосу өзгөртүлгөн. Мурда боз үйдүн стилинде болгон логодо эми “1” саны алдыга чыгарылган. УТРКнын өкүлү, журналист Чынара Капарова “Улуттук биринчи каналдын” логосунун өзгөртүлүшү тууралуу маалымат берип, жаңы логодогу ар бир түс мааниге ээ экенин билдирген. 

Логотип: Бир саны — Улуттук каналдын “Биринчи” экенин билдирет. Көк түсү — көгүлтүр экран белгиси. Бир санынын экиге бөлүнүп турушу — телекөрсөтүү жана радиоуктуруу. Үч бурчтук — көрсөтүү жана уктуруу толкундарын таркатуучу “тарелканын” элесин берет”, — деп жазган Капарова. 

УТРКнын жаңы логосу жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар лого Орусиянын “Биринчи каналынан” көчүрүп алынганын айтышкан. “Улуттук биринчи каналдын” логотибинин антиплагиатка текшерип көргөндө Орусиянын ОРТ каналына эмес, Афганистандын 1TV Kabul телеканалынын логотибине абдан окшош экенин көрүүгө болот«, — деп жазышты. Бул боюнча УТРКнын өкүлү Чынара Капарова Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй жооп берди. «Биз сынак жарыялап, бирок бир да сунуш колдоо тапкан эмес. Ошондуктан дизайн жана эфир жасалгалоо студиясы иштеп чыккан. Эми кандай ыкмада иштелип чыкканы такталат», — деп жазды ал.