Панфилов районунда 4 айдан бери 15 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда

Панфилов районунда 2006-жылы туулган Данияров Адилет Даниярович изделүүдө. Бул тууралуу райондук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде Панфилов райондук ички иштер башкармалыгына 1985-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек 2006-жылы туулган баласын издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал 20-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлерине издөө иши тууралуу маалымат берилген.

Арыздануучуну суракка алуу учурунда жогорудагы жашы жете элек бала Ысык-Көл облусунда төрөлүп өскөнү, анда 5-класстан тартып өз алдынча мектепке баруудан баш тартып, үйдөн качып кетип, бир-эки жумалап жоголуп жүргөнү маалым болгон. Ушуга байланыштуу апасы мурда арыз жазган эмес.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кыска кара, арык дене түзүлүштө.

Кийими: Кара тери куртка, кара спорттук шым, кара бут кийим.

Өзгөчө белгилери: башынын сол жагында тырыгы бар.

“Баланын жүргөн жерин же ал тууралуу маалымат билгендерди төмөнкү номерлерге чалып билдирүүнү суранабыз: 0312 60 79 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 00 18”, — деп айтылат милициянын маалыматында.