Прагадагы университетте атылган октон каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары барбы? ТИМ билдирүү таратты

Кечээ, 21-декабрда Прагадагы жогорку окуу жайлардын биринде болгон ок чыгаруудан 14 адам набыт болуп, кол салган адам да каза болгонун Чехиянын чукул кызматтары билдирди. Кол салууда 25 адам жаракат алып, анын тогузунун абалы оор. Буга чейин чех полициясы кол салган адам жок кылынганын жазган. Маалыматка караганда, ок аткандын атасынын да жансыз денеси табылды.

Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда ок атуудан каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок экени айтылат.