Өкмөт башчы Улукбек Марипов: «Акыркы алты айда өсүмдүк майы 163 пайызга кымбаттады»

Мен азык-түлүк маселеси боюнча жыйын өткөрдүм. Коомчулукта чындыгында ушул маселеде оорчулук байкалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасы аркылуу түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин ушул маселе боюнча эл аралап, базарларды кыдырып чыккан.

“Өсүмдүк майы, эт, күрүч жана башка азык-түлүктүн баасы акыркы 6 айда көтөрүлүп кеткен. Мисалы, өсүмдүк майы 163 пайызга кымбаттаган. Ушунун себептерин тактоо керек. Эмнеге ушуга жол берилди? Ушул маселе боюнча кандай кадам жасалып жатат? Же сыртта кымбаттап жатабы? Бүгүн ушул суроолордун тегерегинде маселе көтөрүлдү”, — деди ал.

Ал мындан тышкары бардык шаарларда жарманкелер уюштуруларын айтты.

“Жарманкелерди жайылтуу керек. Бишкектин ар кайсы жерлерине туруктуу өткөрүүгө шарт түзүп беришибиз зарыл. Мындай учурда баа бир аз болсо да түшөт», — деди Марипов.