Президент 15 жылга кесилген Айбек Калиевге ырайым кылганы кабарланды

Президент Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы — Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиевге ырайым кылды. Бул тууралуу «Тазабек» басылмасына Калиевдин жактоочусу Эрнис Саданбеков билдирди.

Ал бул тууралуу Калиевдин туугандарынан укканын, ал учурда абактан бошотулганын белгиледи.

Айбек Калиев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында камакта болчу. Ал Жогорку Сот тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 жылга эркинен ажыратылган.