Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, Абдукадыр Хабибулла тарабынан курулуп жаткан 55 миллион долларлык мечитке байланыштуу суроолорго жооп берген. Анда өлкө башчысы ал жөн гана мечит эмес, анын медресеси да болоорун айткан.
“Балдар ошол жерде жатып, тарбия алып, диний билимди системалуу негизде үйрөнүшөт. Медресени бүткөндөр билимин Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында улантат. Мунун баары — келечекте өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүү үчүн жасалып жаткан иш”, — деген Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, Кыргызстан боюнча төрт миңге жакын мечит бар. Ошол мечиттерге медресени, анан академияны окуп, бүтүп чыккан адистер имам болуп дайындалышат.
“Бул дагы — диний тармактагы карама-каршылыктарды, бөлүнүүнү, ар кандай жаңылыш агымдардын таасирин азайтуу үчүн жасалып жаткан кадам. Керек болсо мамлекеттен каражат да бөлүп беребиз”, — деген өлкө башчысы.
Садыр Жапаров инвесторлорду бөлбөй, аларга шарт түзүп берүү керектигин кошумчалап: “Абдукадыр Хабибулла кааласа, бир гана мейманкана куруп, бизнесин өнүктүрүп жүрө бермек. Бирок бир нече миң адам бата турган мечитти медресеси, жатаканасы менен белек кылып жатканы — бул анын өз ыктыяры жана элге жасаган жакшылыгы. Эч кандай жеке кызыкчылыгы жок”, — деген.