Президент аткаминерлерди ысырапкорчулукту токтотууда үлгү болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров аткаминерлерди ысырапкорчулукту токтотууда үлгү болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

«Мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара кызматташуусун арттыруу зарыл. Бул боюнча биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүл бургум келет. Элден «ысырапкорчулукту токтоткула» деп талап кылуудан мурун чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек», — деди ал.