Президент балдарга жана майыптарга карата жыныстык кылмыштарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда балдарга жана майыптарга карата жыныстык кылмыштарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 23-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ушул мыйзам балдардын жана ошондой эле майыптардын өмүрүнө жана жыныстык кол тийбестигине болгон укуктарын кылмыштуу кол салуулардан сактоону жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй мазмундагы өзгөртүүлөр киргизилет:

1) Эгерде кылмыш кызматтык абалынан пайдалануу менен, баланын же майыптын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле жыныстык кол тийбестигине каршы атайылап кылмыш жасаган учурда сот тарабынан жазанын кошумча түрү катары белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу милдеттүү түрдө дайындалат;

2) Жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу баланын же майыптын өмүрүнө же жыныстык кол тийбестигине кол салгандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга карата колдонулбайт;

3) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы кылмыш жасаган учурда баланын же майыптын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштары үчүн алтымыш жашка чыккан эркектерге дайындалышы мүмкүн.

Андан сырткары, Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелеринде балага же майып адамга карата жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштарды жасоодо кошумча квалификациялык белги катары көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилген, ага ылайык сот жаза белгилебестен айыптоо өкүмүн чыгара алат, эгерде чечим чыгарылган учурга карата:

1) Адам жаза өтөөгө тоскоол болгон катуу ооруга чалдыккан;

2) Ошол кылмыш үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе.

Бирок сот мындай чечимди чыгара албайт. Эгерде жасалган кылмыш баланын же майыптын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштардан болсо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.