Президент бир катар жергиликтүү соттордун судьяларын дайындады. Тизме

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 31 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 30 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарды.

– Чүй облусу:

— Курманова Гүлай Эсеновна;

– Жалал-Абад облусу:

— Батыралиев Кайрат Абдуллаевич;

— Дарманкулов Манасбек Маширапович;

— Насирова Ташкан Жумабаевна;

— Миталипов Шарипжан Таштемирович;

— Нармырзаев Марклен Алтынбекович;

— Эргешов Сулайман Кадырбекович;

— Өскөнов Данияр Айтмаматович;

— Турдумбетов Мунарбек Шерматович;

— Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;

— Жолдошов Иматилла Султанович;

— Жолчу кызы Сапаргүл;

— Смадиярова Айжан Алимжановна;

— Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна;

— Каримбеков Ниматилла Исмаилович;

— Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович;

— Осмонов Сотибек Ырыскулович;

— Бапанова Гүлмира Шериевна;

— Миркамилов Нурлан Мирпазылович;

— Асылбашев Данияр Куванычбекович;

— Садыков Алтынбек Кадырбаевич;

— Апысова Аида Айдаралиевна;

— Калмамат уулу Алтынбек;

– Ош облусу:

— Туманова Венера Сүйүнбаевна;

— Эргешова Элиза Исаковна;

— Истамкулов Кылычбек Маканбаевич;

— Курманбеков Темирбек Улукбекович;

— Маматов Темирбек Тайырбекович;

— Акматов Абдималик Алиевич;

— Матенов Таалайбек Убанкожоевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.