«Президент биздин атабыз». Садыр Жапаровдун сүрөтүнүн жанындагы жазуу талкууда

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан президент Садыр Жапаровдун сүрөтүнүн жанында “президент биздин атабыз” деген жазуу кызуу талкууга алынып жатат.

Маалыматка караганда, сүрөт Ош облусунда тартылган. Сүрөттөн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду көрүүгө болот.

Губернатордун маалымат катчысы сүрөт “Президент биздин атабыз” деген кайрымдуулук иш-чарада тартылганын билдирди. Аны Анар айыл өкмөтүнүн чиновниктери уюштурган.