Президент эми депутаттар менен чогуу бир имаратта болбойт

Президенттин офиси Өкмөт үйүнө көчөт. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн ушундайды маалыматты журналисттерге бөлүштү. “Менин билишимче, президент мындан ары Ак Үйдө отурбайт, бул жерде бир гана парламент болот”, — деди Түлөбаев.


Анын сөзүн Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов да улай кетти. Төраганын айтымында, президенттик аппарат башка имаратка көчөт. “Кечээ Садыр Жапаров менен сүйлөшкөм, ал башка имаратта иштейм деп айтты. Ошентип, Ак Үй толугу менен парламенттин балансына өттү”, — деди Талант Мамытов.