Президент аянтта сүйлөп жатканда өзүн жаман сезген карыяны көтөрүп кетишти. Анын абалы кандай?

Президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз элин куттуктап жатканда сахнада отурган карыя өзүн жаман сезди. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бишкек шаардык Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов журналисттерге билдиргендей, ардагердин абалы канааттандырарлык. «Кан басымды өлчөдүк, абалы канааттандырарлык», —  деди ал.

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Ала-Тоо» аянтында иш-чара өттү.