«Президент катышкан жок». Мурдагы чакырылыштын депутаттары резиденцияда кече уюштурушту (сүрөт)

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары мамлекеттик “Ала-Арча-1” резиденциясында майрамдык кече уюштурушту. Иш-чарадан фото жана видеолорду эл өкүлдөрү жана аларга концерт коюуга чакырылган артисттер өздөрү жарыялашты. Маалым болгондой, экс-депутаттардын алдында опера жана балет театрынын, ошондой эле Улуттук филармониянын артисттери концерт коюшкан.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев менен байланышканында, ал кечеге президент катышпаганы маалым болду.

Кечээ, 29-декабрда жергиликтүү ЖМКлар Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясына чакырылганын жазып чыгышкан. Мындан тышкары жолугушуудан кийин парламенттин мурдагы депутаттарынын өздөрүнүн иш-чарасы бар экени да айтылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат чындыкка дал келбестигин билдирип, «президенттин катышуусу менен пландаштырылган эмес» деген.