Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында врачтар, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.
Аземде президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар бар.
Мындан сырткары, аземде президент маданият менен адабият чөйрөсүнүн таланттуу уул-кыздары кол куушуруп отурбай, улуттун урматы үчүн кара жанды карч уруп, чаалыкпай мээнеттенип келишкенине, рухий дөөлөттөрдү жаратууга салымын кошуп турушканына токтолду.
Аягында Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.