Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Президент: «Окуучулар бир эле орус тилин эмес, башка тилдерди дагы өздөштүрсө, кандай сонун болот эле»

14:14 31.12.2022
0
Президент: «Окуучулар бир эле орус тилин эмес, башка тилдерди дагы өздөштүрсө, кандай сонун болот эле»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» сайтына кезектеги маегин берип, анда тил маселесине байланыштуу суроого жооп берди.

— Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында кээ бир мамлекеттик органдарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй жатканын баса белгилеп сынга алдыңыз. Муну айрымдар мамлекеттик органдарда документ жүргүзүүдө орус тили колдонулбайт деп башкача чечмелеп киришти. Ушул маселени ачыктап кетсеңиз.

— Туура эмес чечмелеп жатышат, айрымдар айтылган сөздү жакшылап аңдап-түшүнбөй эле ар кандай кептерди айтып киришти. Тескерисинче, өлкө боюнча орус тилин өнүктүрүүгө кадам таштадык. Келе жаткан жылы өлкө боюнча 9 орус мектеби курулат, Орусия тарап куруп бермей болду.

Мен Өкмөт жыйынында эмне үчүн мамлекеттик органдар кыргызча иш кагаздарын жүргүзгүлө дедим. Билесиздер, бизде Союз тарагандан бери дасыккан орус тилчи мугалимдер, айрыкча, аймактарда бир топ эле азайып кеткен. Ошол үчүн кадрлар орус тилинен ката кетирген учурлар кездеше баштаганы байкалууда. Бир барак документте толтура ката.

Андан көрө сабаттуу кылып кыргызча эле жазгыла дагы, орусчасын артына тиркеп койгула деген ойду айттым. Айрым учурларда негизги документ кыргызча, тиркемелер орусча келет. Минтип башаламан кылбай кыргыз тилинде башкы документ, тиркемелери орус тилинде кылып, бир беткей тартипте салынышы керек. Ансыз деле кыргызча жазылган иш кагаздары орус тилине которулуп тиркелет. Ошондой эле бизде орус тили Баш мыйзамга расмий тил деп киргизилгенин жакшы билесиздер.

Ошону менен катар дагы бир жагдайды айта кетейин. Биз тиешелүү чараларды көрүп, мигранттарыбызды Мекенинде иш менен камсыз кылып бергенге аракет кылып жатабыз. Бирок бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай, биздин сыртта жүргөн жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү Орусияда. Андыктан, Орусияда эмгектенип жаткан жарандарыбыз орус тилин жакшы билгендей болушу керек.

Тилди сапаттуу деңгээлде билүүсү иш учурунда абдан эле пайдасы тиет. Ошол үчүн былтыр биринчи иш сапарым менен Москвага барганда Владимир Владимировичтен суранып, 9 орус мектебин салып берүү боюнча макулдугун алганмын. Кудай буюрса, келе жаткан жылы бардык региондорго салына баштайт. Мектептер иштеп, региондордо орус тилинен кайрадан жеткиликтүү сабак бериле баштаса, 5-10 жылда кайра орус тили өнүгөт. Негизи КМШ өлкөлөрүндө, ЕАЭБдин ичинде орус тилсиз иш жүргүзө албайсың. Андан тышкары, орус тили БУУда колдонулган тилдердин бири.

Мындан сырткары, мектептерде англис тилин дагы мыктылап окутканга аракет көрүп жатабыз. Бирок каражат жагынан маселе жаралчудай. Себеби 3 миңге жакын мектептерге англис тилинен берген дасыккан мугалимдерди алышыбыз керек. Аларга эмгек акы төлөп беришибиз керек дегендей. Бул маселени күнгөй-тескейин караштырып жатабыз.

Кыскасын айтканда, «жумурткадан кыр издегендей» менин сөзүмдөн дагы саясат издештин кереги жок. Тескерисинче, окуучуларыбыз бир эле орус тилин эмес, бир нече башка тилдерди дагы жакшы өздөштүрүп кетсе кандай сонун болот эле. Канчалык көп тил билсе, дүйнөнү ошончолук эркин кыдырышат, билим алышат. Жаштардын дүйнө таанымы кеңейет дегендей.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Нарындагы убактылуу жабылган жол тазаланды

Нарын — Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:41 10.03.2026
0

8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

18:13 11.03.2026
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт... Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

16:51 11.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү