Президент Садыр Жапаров «Аалым Чубак ажы» мечитине зыярат кылды

Кечээ, 18-декабрда президент Садыр Жапаров Сузак районундагы «Аалым Чубак ажы» мечитине зыярат кылды. Соцтармактарга тараган сүрөттөрдөн өлкө башчысы менен чогуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов да барганы көрүнөт.

Чубак Жалиловдун аты ыйгарылган Кыргызстандагы алгачкы мечиттин ачылышы ушул жылдын июль айында болгон, анын курулуш иштери 2019-жылдын сентябрь айында башталган. Мечиттин пайдубалына Чубак Жалилов өзү капсула салган болчу.