Президент Садыр Жапаров Акжол Махмудовду Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен куттуктады. Ал куттуктоосун Интаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

«Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем! Алга, Кыргызстан!«,- деп жазды ал.

Бүгүн, 2-августта Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында атаандаштарын жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеш эртең, 3-августта болот.