Садыр Жапаров Азербайжандын президентине учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

“Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.