Президент Садыр Жапаров эртең иш сапары менен БАЭге барат

Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө»,- деп жазды ал.