Президент Садыр Жапаров Германия жетекчилигине суу каптоодо каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык Канцлери Ангела Меркелге жана өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.