Президент Садыр Жапаров илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Тизме

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-августта 2020-жыл үчүн илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктар жана 2020 -жылга «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» наамы медицина тармагындагы эки эмгек үчүн ыйгарылган.

«Хирургиялык эндокринология көйгөйлөрү» илимий эмгеги үчүн төмөнкү окумуштуулардын тобу сыйланды:

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Шамил Чынгышпаев; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Нелли Ахунбаева; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Хаки Бебезов; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты Сталбек Ахунбаев; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин Академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Алмаз Шаназаров; 

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору Арсен Айдаралиев;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты Айтбай Казакбаев;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Орозали Кочоров. 

Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор Исабек Ашимов «Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» эмгеги үчүн сыйланды.

Мамлекет башчысы окумуштууларга «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» төш белгилерин жана ар бир эмгекке 250 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Президент илимпоздорду алган наамдары менен куттуктап, илимдеги ийгиликтер көптөгөн маңдай тердин жана тынымсыз изденүүнүн натыйжасында гана келерин баса белгиледи.  Анын айтымында, илимий ачылыштар өндүрүшкө киргизилип, коомчулукка пайда алып келиши керек, ал эми илимий-техникалык өнүгүүлөр токтолбой өнүгүп турушу зарыл.

Садыр Жапаров «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары» жана «Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» темасындагы илимий иштер медициналык жана гуманитардык илимдердин өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкондугун баса белгилеп, бул изилдөөлөр илимий тармакта көйгөйлүү маселелерди чечүү менен бирге коомубузга керектүү жардамын тийгизет деген ишеничте экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров лауреаттарга Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жасаган алгылыктуу иштери үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде профессор Шамил Чынгышпаев алардын эмгектерине берилген жогорку баа үчүн ыраазычылыгын билдирип, алар кыргыз медицинасынын негиздөөчүсү Иса Ахунбаевдин изилдөөлөрүн улантып, эндокриндик хирургия чөйрөсүндөгү, атап айтканда, богок жана кант диабети сыяктуу ооруларды иликтөөдө бир катар факторлорду ачышканын маалымдады.

Профессор Исабек Ашимов өнүккөн өлкөлөрдө же өнүккөн өлкө болууга умтулган өлкөлөрдө илимди чыңдоо жана колдоо үчүн чоң күч-аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ал мамлекет башчысынын былтыр айткан «Улуттук илимдер академиясы музей болбошу керек» деген сөздөрүн эске салды. Профессор белгилегендей, Садыр Жапаров баргандан кийин Улуттук илимдер академиясында өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну арттыруу боюнча иштер күчөтүлдү. Ошондой эле Исабек Ашимов мамлекеттик сыйлыктар илимпоздордун мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн жакшы мотивация болорун баса белгиледи.