Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди.
— Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң талкуу болууда. Соцтармак колдонуучулары анын абактан тик учак менен учуп кетиши, чыгып алып байлыгына мактангандай жашоо образын соцтармакта көрсөткөнү сынга кабылууда. Кайсы бир деңгээлде бийликтин аброюна көлөкө түшүрүүдө дешүүдө. Ушуга кандай дейсиз? Сизге кайрылганыбыздын себеби – Ажиев сиздин ырайымдын негизинде бошотулуптур?
— Ооба, туура. Ырайым берип бошотконбуз. Мага Ажиевдин апасы кайрылган. Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. “Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем”, — деп.
Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз.
Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет. Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт. Ошондуктан министрликти күнөөлөштүн кереги жок. Эгер кимде-ким тик учактын кызматынан пайдалангысы келсе, акчасын төлөп пайдалана берсеңер болот.
Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп. Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи.
— Муну уккандар “Президент эмнеге абактагы акын Аскат Жетигенди чыгарбай, ыплас иштерден акча жасаган адамга ырайым берет” дегендер да болду?
— Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз.
Бул маселенин максаты жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат. Мен дайыма айтып келем, мурда күбөлүктү окубай эле сатып алгандардын кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп, жарандарыбыз көп кырсыктап жатат. Ошону жоюунун бир ыкмасы ушул. Негизи эле элибиз “люстрация” деген сөздү жакшы көрүшөт го. “Люстрация” кылыш керек деген сөздү көп колдонушат. Бул да “люстрациянын” бир бөлүгүнө кирет. Бийлик бутактарын беш жылдан бери “люстрация” кылып, жогорку бутактарда дээрлик баарын бүтүрдүк. Эми башка бутактарды да “люстрация” кылалы да. Башка кандай жол менен “люстрация” кылабыз бул тармакты? Эгер жол эрежесин бузгандарды тим койсок жол кырсыктары күндөн-күнгө күчөй берет.