Айгүл гүлдүү ак көйнөк! Ханайым Садыр Жапаровду Түркияга коштоп барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда иш сапары менен Түркиянын Бурса шаарына барды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул сапарда ханайым Айгүл Жапарова да коштоп барып, ал айгүл гүлдүү ак көйнөк кийгени көңүл бурдурууда. Айгүл гүлү Баткендин символу катары саналып келет.