Президент Садыр Жапаров өкмөттү сындагандарга жооп кайтарды

Социалдык түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатат. Бул тууралуу кечээ, 5-февралда президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, кээ бир ою бузук сайттар жана журналисттер да бар. Алар Миграция министрлигин Саламаттыкты сактоо министрлигине кошот экен деп талкуу жаратышкан.

Жапаров өкмөт чечим кабыл алып, расмий түрдө билдирүү таратмайынча ишенбөөгө чакырды.

«Урматтуу Кыргызстандыктар!
Соцтүйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат.

Кээ бир ою бузук сайттар жана журналисттер да бар. Мисалы, Каржы полициясы Ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты.

Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет.

Ошондуктан ар бир жасалган кадамды сындардан мурда, жыйынтыгын күткүлө урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар.
Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп тамырынан жок кылдык»,- деп жазат президент.