Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды (сүрөт)

Бүгүн, 23-июлда президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды. Ал вакцина алган соң Кыргыз элине кайрылып, эмдөөдөн өтүү керектигин белгиледи.

Өлкө башчы мындан тышкары, социалдык тармакта вакцинация боюнча жалган маалыматтарды таратып жаткандарга ишенбөөгө чакырды. Ошондой эле «Кытай Кыргыз элинин 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек экенин билдирди» деген маалыматтын жалган экенин билдирди.

Маалыматка караганда, ал «Синофарм» вакцинасын алган.