Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Бүгүн, 13-августта президент Садыр Жапаров коронавирус каршы «Синофарм» вакцинасынын экинчиси дозасын алды.

Ал биринчи дозаны алгандай эле, Бишкектеги соода борборлорунун бирине барды. Анын кан басымы өлчөнүп, эмдөөгө уруксат берилди. Эмдөөдөн кийин медайым ага бир аз отурууну сунуштады.

Байкалгандай, бул жолу өлкө башчы вакцина алууга көз айнеги жок барды. Президент Жапаров вакцинанын биринчи дозасын 23-июлда уулу менен чогуу алган.