Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта мамлекеттик сапар менен Казакстан Республикасына кетти. Бул маалыматты басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал Нур-Султан шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.
Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат. Мамлекеттик сапардын алкагында Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу да пландалган.