Президент Садыр Жапаров менен Өмүрбек Бабанов жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен жолукту. Маалыматты мамлекет башчынын пресс-катчысы Галина Байтерек тастыктады.

Анын айтымында, президент инвесторлор менен жолугушуу өткөргөн. Ага Өмүрбек Бабанов дагы катышкан.

«Президент инвестицияларды тартуу максатында байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бүгүн Казакстандан келген инвестор Шухрат Ибрагимов менен жолугушуу болуп өттү. Аны менен кошо Өмүрбек Бабанов келди. Бул тааныштыруу жолугушуусу, анда иштин келечеги талкууланды”,— деп түшүндүрдү Галина Байтерек.

Шухрат Ибрагимов — жакында эле коронавирустан көз жумган миллиардер Алижан Ибрагимовдун уулу.