Кечээ, 13-апрель күнү президент Садыр Жапаров Каракол шаарында Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Президенттин атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов катышышты. Жетекчилер сөз сүйлөп, президенттин атынан Ысык-Көл облусунун тургундарын Рамазан айы менен куттукташты», — деп айтылат маалыматта.