Президент Садыр Жапаровдун дарегине бир катар жаңы жылдык куттуктоолор келип түштү

Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Сизге бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелери, стратегиялык өнөктөштүгүбүз келерки жылы элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн өнүгөт жана кеңейет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде чоң ийгиликтерди, ал эми Сиздин өлкөңүздүн бир тууган элине бакубатчылык жана мындан аркы прогрессти каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Жаңы жыл жаңы үмүттүн жылы болушун жана эл аралык коомчулуктун нукура эрки жана ак ниетинин аркасында бардык пикир келишпестиктерди четке кагып, биз өзүбүздүн асыл максаттарыбызга — чыр-чатактарсыз жана кысымдарсыз,  ынтымакта жана сабырдуулукта бардык элдер жанаша жашаган тынчтыкка жетишин каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ирак Республикасынын президенти Абдул Латиф Рашид Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Жараткандан Сиздин мамлекетиңизге жана элиңизге тынчтыкты, бакубатчылыкты жана гүлдөп өнүгүүнү тилейм!», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарегине Жаңы жылга карата куттуктоолор чет элдик мамлекет лидерлеринен, өкмөт жана парламент башчыларынан, эл аралык уюмдардын жетекчилеринен жана башкалардан келип түштү.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Эл Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Орусиянын Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко, Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Чжан Мин, Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха өздөрүнүн куттуктоолорун жөнөткөн.