Президент Садыр Жапаров Караколдогу лыжа базасына жубайы менен барды (видео)

Президент Садыр Жапаров тоого лыжа тепкени барды. Бүгүн, 1-январда социалдык тармактарда Каракол шаарында тартылган видеолор пайда болду. Кийинчерээк эс алуудагы сүрөттөрүн фотограф Султан Досалиев баракчасына жарыялады. Сүрөттөрдөн тоого лыжа тебүү үчүн жубайы Айгүл Жапарова менен барганы маалым болду.

Видеолордон эс алуучулар Жапаровдон чогуу сүрөткө түшүүнү өтүнүп, аны Жаңы жылы менен куттукташканын көрүүгө болот. Ошондой эле президент бардык эс алуучуларды, туристтерди лыжа тебүүгө чакырды. Ал мындан тышкары, Кыргызстандагы лыжа базалардын атын атады.