Президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыктары

Кечээ, 29-январда президент Садыр Жапаров 5 жарлыкка кол койду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Буйруктар адеп-ахлактык өнүгүү, жаңы кадр саясаты, жеке менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана тоо кен тармагы тууралуу.

Ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргыз элинин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында президент Садыр Жапаровдун «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи жарлыгы чыкты.

«Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыктын негизги милдеттери болуп жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, мыйзамдарда, мамлекеттик жөнгө салууда орун алган көйгөйлөрдү четтетүү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

«Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкты жүзөгө ашыруу жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө тең жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды, бардык кызмат орундарына натыйжалуу кадрдык резервди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын карьералык өсүүсү үчүн шарттарды камсыздоого, кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө жол ачат.

«Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлык менен ишкерлердин жана инвесторлордун жеке мүлкүн коргоону күчөтүү, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу боюнча чаралар каралган. Ал инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда. Коронавирус инфекциясы пандемиясынын айынан келип чыккан экономикалык кризис эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизди. Ушул себептен 2020-жылдын мартында алар Кыргыз Республикасына кайтып келе башташты, бул жумушсуздуктун өсүшүнө алып келди. Буга байланыштуу миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол коюлду.

Ошондой эле бир катар жарлыктар даярдалып жатканы, жакынкы күндөрү кол коюла турганы айтылды.