Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү болгон автобустарга айып пул салынды

Жол эрежесин бузган президенттин иш башкармалыгына тиешелүү эки автобуска карата протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн үстүнө токтоп алышкан.