Урайын деген үйүн көрсөткөн нарындык кыз эсиңиздеби? Жаңы үй салынып бүттү

Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал үйдүн 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

Ак-Талаа райондук администрациясы маалымат таратып, дал ушул үй-бүлөгө Садыр Жапаровдун атынан салынган үйдүн документи тапшырылганын билдиришти. «Район акими Жумадилла Жапаров Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы Баатыр эне Гүлзат Искаковага жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды. Аялдын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президенттин атына видео кайрылуу жиберген. Маалымат президентке жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салып берди», — дешти.