Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москва шаарында жолугушат. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжал талкуулана турганын Путиндин катчысы Дмитрий Песков «РИА Новости» басылмасына билдирген.
Буга чейин Рахмон 9-майда Москва шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадга катышат деп айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 36 адам көз жумду. Алардын арасында балдар, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар бар. Ал эми тажик тараптан 19 адам көз жумганы айтылып жатат.