«Президентти карап отурбай, ыйык айда өзүбүз жардам беребиз дегендер болуп жатат» дейт ажого кайрылган кыздын эжеси

Социалдык тармактарда кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тарап жатат. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айтты. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ушул үйдө күн кечирип келе жаткан үй-бүлөнүн улуу кызы менен байланышканбыз. Анын айтымында, видеону тарткан 5 жаштагы сиңдиси. Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат», — деген ал.

Ал бүгүн, 24-мартта редакцияга кайрылып, жардам берем дегендер көп болуп жатканын айтты. «Эсеп ачсаңар болмок, президентти карап отура бербей, Орозо айында  өзүбүз жардам берет элек дегендер болуп жатат», — деди ал.

Кыздын эжеси ошондой эле кар эригенден кийинки үйдүн абалын чагылдырган видео менен бөлүштү. Жардам берүүнү каалагандар 0702 117 330 номурларына байланышсаңыздар болот. Айыл банк: 94 17 37 94 45 87 63 58.