Президенттик администрациянын мурдагы имаратына эки министрлик жайгашат

Президенттин администрациясынын мурдагы имаратына ТИМ менен Экономика министрлиги жайгашмай болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Имаратты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев менен Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиевге тапшырды.