Президенттик аппараттын өкүлү: «Баткенге барам дегендер болсо, тизме түзөлү»

Учурда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында чек ара жаңжалына байланышкан митинг өтүп жатат. Чогулгандар бийлик өкүлдөрүнөн курал талап кылышууда. Митингчилердин алдына президенттик аппараттын өкүлү чыкты. Ал жарандарга Баткенге барууну каалоочулар болсо, бул жакка 4 автобус келерин, аскер комиссариатка жеткирилерин айтты. Ал жактан тизме түзүлүп, бир чечимге келели деген сунушту айтты.