Президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун Тажикстанга боло турган сапарына карата түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга боло турган мамлекеттик сапарына карата президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип түшүндүрмө берди.

«Адатта, эл аралык тажрыйбада мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларды алмашуусу белгилүү бир убакыт аралыгында жүргүзүлөт. Мындай кыска убакытта – 4 айдын ичинде, тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Тажикстан менен өз ара мамлекеттик сапарларды ишке ашыруубуз кыргыз дипломатиясынын тарыхындагы оң прецедент болуп саналат.

Бул биздин мамлекет башчыбыз, урматтуу Садыр Нургожоевичтин Борбор Азия мамлекеттери менен көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, достук, өз ара ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди тереңдетүүгө болгон бекем чечкиндүүлүгүн айгинелеп турат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тажик тараптын чакыруусун кабыл алып, мындай кыска мөөнөттө жооп иретинде мамлекеттик сапар менен Тажикстанга баруу чечими мамлекет башчыбыздын коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөө аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде чек арага жакын Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өзгөчө, артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын айкын далилдейт», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.