Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Президенттин администрациясы түзүлдү.
Ошондой эле мамлекет башчынын жарлыктары менен:
— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Сатыев Медербек Асанбекович — Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Зулпиев Бектур Рысбаевич — Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.