Президенттин аппараты кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча маалымат берди

Президенттин аппараты Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Билдирүүнүн тексти өзгөртүүсүз берилди:

«2017-жылы 16-августта бекитилген №31 протокол (премьер-министр С.Ш.Жээнбеков делегациянын башчысы болгон) 2017-жылы 5-сентябрда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга киргизилген (ага президент А.Ш.Атамбаев кол койгон).

Өзбек тарап мурдагы бийлик тарабынан кол коюлган документтер боюнча чек арада инженердик иштерди жүргүзгөн.

Азыркы бийлик мамлекеттик чек аранын мурда макулдашылбаган тилкелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө бир дагы метр жер боюнча макулдашууга кол коюлган жок».