Президенттин атын жамынып алып аялдарды каматканы жатат деген маалыматка Илимира Бечелова жооп берди

Буга чейин «Ош базарында» соода орундарын тартып алып, ал жердеги соода кылган аялдарды видеого тартып жүргөн Илимира Бечелова аттуу аялдын үстүнөн соодагерлер арызданышкан эле. Бул тууралуу телеканалдардын бири окуяны чагылдырган. Жабырлануучулардын айтымында, ал Садыр Жапаровдун жакын адамы болот. Ошондой эле «Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү экенин да айтышкан. Сөз болуп жаткан Илимира Бечелова 4 аялга кордук көрсөтүп, аларды бейкүнөө жерден каматууга аракет жасап жатканын билдиришкен. Президенттин атын жамынган шылуунду жоопко тартылуусун талап кылган жабырлануучулар Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевга кайрылуу жолдошкон.

Сөз болуп жаткан Илимира Бечелова жогорудагы маалымат боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү чоо-жайын айтып берди.

“Мен өзүм көп жылдан бери «Кыял» базарында соодагер болуп иштейм. Тескерисинче мени жамандап жаткан тарап көп жылдан бери соодагерлерге кысым көрсөтүп келген. Жолдун четиндеги орундарды мыйзамсыз сатышып, товар алып кирүүбүзгө тоскоолдук жаратышкан. Мен ал аялдардын үстүнөн иш козголушун көтөрүп чыктым. Азыр алардын бирине баш коргоо чарасы көрүлүп, экинчиси бүгүн сурак берип жатат. Ал эми калган эки аял мага каршы ушундай видеолорду тартып, ар кандай каралоолор менен алек болууда. Ошол жерде сүйлөгөн соодагерлер мага даттанып чалышууда. Аларды да коркутуп, мага каршы сүйлөтүп жатыптыр. Бул жерде мени жаман көрсөтүү максатында эле президенттин атын жамынып жатат деп билдиришти. Чындыгында мен тараптан аларга коркутуу болбой эле, алар мага, туугандарыма коркунуч келтирерин айтышууда. Азырда соттун адилеттүү чечим чыгарып берүүсүн суранып, Ленин райондук сотунун алдында турабыз“, — дейт Илимира Бечелова.