Президенттин басма сөз кызматы эртең Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт деген маалыматты төгүндөдү

Архив

Бүгүн, 19-апрелде 24.kg маалымат агенттигинин сайтында «Первый под председательством Садыра Жапарова Совет безопасности обсудит важное» деген аталыштагы материал жарыяланып, анда өздүк булактарга шилтеме берүү менен үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Коопсуздук кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өткөрүлөрү маалымдалган.

«Буга байланыштуу, президенттин аппаратынын иш-чаралар графигинде 20-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү пландаштырылбаганын жана буга чейин дагы ушул датада өткөрүү белгиленбегендигин билдиребиз. Демек, «24.kg» маалымат агенттиги жарыялаган маалымат коомчулукту адаштырган жалган жана чындыкка дал келбеген маалымат болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.