Кечээ, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Мамлекеттик ипотекалык компанияга нааразы болуп жаткан жарандын даттануусун айтты.
«Казарман айылынын тургуну, төрт баланын апасы, майыптыгы бар Айзада 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан батир алуу үчүн кезекке турган. Бүгүнкү күндө 42-кезекте турат. 3-апрелде ага МИКтен чалып, «кезегиңиз жетти, май айында тапшыруу болот» деп сүйүнчүлөшкөн. Үй-бүлө мүчөлөрүн тактап, 18 жаштагы студент баласын тизмеден чыгартып, бир аз төлөмү бар экен, ошону толук төлөтүп, 20 күндөн кийин кайра «берилбей калды» деп байланышка чыгышкан экен. «Биринчи Жалал-Абад шаарынын тургундарына берилиши керек» дешкен экен. Бул эжеден кийинки тургандар алып жатышат. Муну кандай түшүнсөк болот? Кайсы мыйзамда «биринчи шаардын тургуну алышы керек» деп жазылган? Же коррупциялык схема барбы?» — деген депутат.
Президенттин иш башкармалыгынан окуя боюнча түшүндүрүү беришти.
Президент Садыр Жапаровдун “Менин үйүм” мамлекеттик программасы боюнча жарлыгынын 4 бөлүмүндө негизги принциптеринин бири — аймактык бөлүштүрүү деп так жазылып турат. Бул деген:иТурак жай алуу үчүн жарандар эмгек ишмердүүлүгү расмий түрдө катталган шаар же райондон гана кезекке тура алышат. Мисалы, Тогуз-Торо районунда эмгектенген жаран Жалал-Абад шаарынан үй алуу үчүн кезекке тура албайт.
Депутат Аида Исатбек кызы мисал катары келтирген жаран башка райондон кезекке тургандыктан, Жалал-Абад шаарынан батир талап кыла албайт. Бул эч кандай чектөө эмес, тескерисинче – ачык-айкын, мыйзамдуу жана адилеттүү системанын бир бөлүгү.
Бул принцип — бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү, элдин ишенимин сактоо жана аймактардагы турак жай жеткиликтүүлүгүн системдүү камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.
Анткени бүгүн жүз миңдеген жаран Бишкектен жана облустун борбор шаарларынан батир алгысы келет. Эгер аймактык чектөөлөр болбосо, борбор шаардагы батирлерге болгон басым өсүп, чыныгы муктаждар батирсиз калмак.
2. Бул система — Бишкекти жүктөн арылтуу үчүн киргизилген.
Биздин максат — “кандай жол менен болсо да борбордон батир алам” деген массалык көчүүнү токтотуп, ар бир жаран өз аймагында жашап, ошол жакта өнүгүүгө шарт түзүү.
Ал эми Бишкектен мурда батир алган жарандар өз каалоосу менен башка регионго алмаштыра алышат. Бул тескерисинче, региондорду жандандырууга өбөлгө болот.
3. Электрондук кезек — адам факторун четтетет.
Бардык тизмелер электрондук формада, автоматтык түрдө түзүлөт. Эч ким эч кимди “алдыга жылдырып” коё албайт. Программага катталуу, текшерүү жана кезек күтүү адам кийлигишүүсүнөн толук ажыратылган.
Эгер кимдир бирөө мурда “сизге берилет” деп айтканы чын болсо, бирок кийин өзгөртүлгөн болсо — мыйзам эмес убада бергендердин иш-аракетин териштирүү керек. Бирок бул системанын өзү эмес, жоопкерчиликсиз адам фактору болушу мүмкүн.
4. Популизм эмес, ишеним жана сабыр керек.
Мамлекет бир жарым жылдын ичинде мурда болуп көрбөгөндөй санда — миңдеген үй-бүлөгө батир берип койду. Бул — реалдуу жетишкендик.
Биз түшүнөбүз — эл күтүп чарчады. Көптөр 2–3 жылдан бери кезекте турат. Бирок программа системдүү иштеп жатат.
Эл өкүлү катары маселени көтөрүү туура, бирок аны шоуго айландырбай, биринчи расмий органдарга кайрылып, так маалымат алуу зарыл болчу. Элдин көңүлүнө ишенбөөчүлүк жаратып, “упай алуу” — бул элге кызмат кылуу эмес.
5. Президенттин тапшырмасы так: адилеттүүлүк жана ачыктык.
Президенттин Иш башкармасы ар бир жарандын укугу сакталуусу үчүн ачык-айкын, акыйкат жана системдүү принциптерди колдонот. Программа бардык жарандарыбызга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан«,- деп айтылат маалыматта.