Президенттин иш башкаруучусу: «Асман шаарын куруу иштери май айында башталат»

Асман шаарын куруу иштери май айында башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда кагаз иштери, тагыраагы, инвесторлордун техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгалы деген сунушунан кийин кайрадан иштелип чыгууда.

«Ниет оңолсо иш оңолот, андыктан жакшы максаттар дагы ишке ашат. Асман шаарын куруу долбоору тууралуу эмне деген гана ушактар айтылган жок. Ал тургай “ушул долбоор ишке ашпай калса экен” деп тилегендерди дагы көрдүк. Кудай буюрса май айында баштайбыз, Президентибиз баштаган иштер аягына чыгат. Убагында Кумтөрдү алабыз дегенде дагы ишенбей, тамаша кылып күлгөндөр болгон»,- деп жазды ал.