Президенттин иш башкаруучусу жаңы Ак Үй 39 миң чарчы метрди түзөрүн билдирди

«Жаңы Ак Үй президентибизден калган мурастардын бири болуп калат. Аталган курулушту баштоо муктаждыгы өлкөдөгү административдик имараттардын эскиргендигине жана шаар ичинде тыгын жаратпоо максатында келип чыккан». Бул тууралуу президенттин иш башкаруучу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Алгачкы долбоордо «Ак үйдүн» аянты 17 миң чарчы метр болгон, кийин президенттик администрациясынын кызматкерлери 39 миң чарчы метрге чоңойтуу керектигин айтышкан. Мына ушул себептен аталган долбоорду ишке ашырып жаткан компанияга бериле турчу жердин аянты чоңойтулган. Биздин Ак Үй биз көрүп келген өлкөлөрдүн бириникине караганда чоң, ал эми баасы жагынан 8-9 эсе арзан курулууда.

Курулуштун сапаты жакшы, заманбап эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет. Аталган имарат жогорку деңгээлдеги конокторду тосууда, мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүдө керектүү шарттарды камсыздоо менен катар, кыргыз элинин сыймыгы болот. «Эшигин көрүп, төрүнө өт» демекчи, элибиздин, мамлекетибиздин жүзү болгон имараттын курулушу өлкөдөгү архитектуралык баалуу жайлардын бири болуп, эл үчүн кызмат кылып турат», — деп жазды ал.