Президенттин иш башкаруучусу жаңы автобекет курулуп жатканын айтты

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында жаңы автобекеттин курулушу башталганын билдирди.

«Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!” деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар.

Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы? Сабыр кылып турсаңыздар президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар»,- деп жазды ал.