Президенттин катышуусунда ачылган бала бакча жана мектептердин тизмеси

Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын ачылышына катышты. Мектеп Ош шаарында курулган жана 720 балага ылайыкталган. Ошондой эле өлкө башчы курулушу жаңы аяктаган 10 билим берүү обьектисинин ачылышына онлайн катышты.

Жаңы мектеп жана бала бакчалардын тизмеси:

*Ош облусунун Ош шаары, 720 орундуу И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы, сметалык баасы – 279,6 миллион сом;
*Чүй облусунун Сокулук району, 500 орундуу Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеби, сметалык баасы – 113,8 миллион сом;
*Ысык-Көл облусунун Түп району, 450 орундуу А.Кармышаков атындагы мектеби, сметалык баасы –137 миллион сом;
*Бишкек шаарынын Свердлов району, Төмөнкү Ала-Арча айылдык орто мектебинин 375 орундуу кошумча корпусу, сметалык баасы – 88, 275 миллион сом;
*Ош облусунун Алай району, 225 орундуу К.Аматов атындагы №24 орто мектеби, сметалык баасы – 82,1 миллион сом;
*Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району, 225 орундуу П.Колесников атындагы орто мектеби, сметалык баасы – 58 миллион сом;
*Баткен облусунун Лейлек району, 150 орундуу “Сары-Дөбө” орто мектеби, сметалык баасы – 84,516 миллион сом;
*Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району, 150 орундуу У.Мырзакматов атындагы орто мектеби, сметалык баасы – 54 миллион сом;
*Ысык-Көл облусунун Түп району, 150 орундуу З.Батырбаева атындагы орто мектеби, сметалык баасы – 63 миллион сом;
*Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, 120 орундуу №12 бала бакча, сметалык баасы – 84,356 миллион сом;
*Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, 120 орундуу №7 бала бакча, сметалык баасы – 70,982 миллион сом.