Президенттин кортежи кабылган кырсыктан Садыр Жапаровдун дарыгери каза болгон

Президенттин кортежи кабылган кырсыктан президент Садыр Жапаровдун дарыгери каза болгон. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 5-июнда өттү.

«Илгиз Усубалиев 37 жашта болчу. Көп жылдар бою Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда эмгектенген. Ал президенттин дарыгери болчу. Кырсыктын кесепетинен оор жаракаттарды алган. Анын артында жубайы үч баласы менен калды», — деди министр.

Андан тышкары УКМКнын 9-кызматынын эки кызматкерине операция жасалары күтүлүүдө. «Бирөөнө бүгүн, 6-июнда, экинчисине дүйшөмбү күнү операция жасашат. Дагы бир кызматкер ооруканада дарыланууда, операцияга муктаж эмес. Абалы – орто оор. Алардын унаасы менен сүзүшкөн жеңил унаанын айдоочусунун жана жүргүнчүсүнүн абалы канааттандырарлык»,деди министр.

4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тушунда Садыр Жапаровдун кортежиндеги жол тандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.