Кырсыкта каза болгон президенттин дарыгеринин агасы былтыр коронавирустан каза болгон

4-июндагы президенттин кортежи кырсыкка учурап, анын натыйжасында бир адам каза болгон. Каза болгон адам УКМКнын кызматкери, Садыр Жапаровдун жеке дарыгери болгон. Бул тууралуу «Кактус» жазып чыкты.

Дүйнө салган Илгиз Усубалиев 37 жашта болчу. Анын досу, Кара-Буура аймактык ооруканасынын мурдагы башкы дарыгери Улан Бийгелдиев маркум кандай адам болгонун төмөндөгүчө эскерди: «Илгиз боорукер жана  өз өлкөсүнүн патриоту болчу. Бир курста окуганбыз, андан тышкары Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда беш-алты жылдан ашык чогуу иштедик. Ал чындыкты суйлөгөн, акыйкаттык үчүн күрөшкөн жана өз оюн таамай жеткирген бала болчу. Ал дарыгер катары оз милдетин аткарып, канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калган. Биз травматологиядан бирдей эле башка жакка которулдук. Ал УКМКга, мен болсо Талас облусуна. Таласка жумушум боюнча которуларда да олку-солку болуп жүргөн кезимде өлкө үчүн кайсы жерде болбосун адамдардын жанын куткарууга салым кошуубуз керек экенин айтып мени ошол жакка жолдогон. Илгиз үй-бүлөсүндө жалгыз бала болуп калган эле. Туура бир жыл мурун анын агасы COVID-19дан көз жумган. Азыр эми Илгиз да кетип, карыган ата-энеси жана үч баласы калды”, — деди маркумдун досу Улан Байгелдиев.